Кара-Кулжада чакан ГЭС ишке берилди
Кара-Кулжа районунун Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна кубаттуулугу 400 кВТч болгон «Ыдырыс уулу Рыскул» атындагы «Буйга-1» чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгү маалымдады.
Долбоорду «Энерджи Буйга» ЖЧКсы ишке ашырды. Эске салсак, курулуш иштери жеке ишкер Рамис Ыдырысов тарабынан 2021-жылы башталып, 2023-жылы бүткөрүлгөн.
Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Мындан сырткары, жакынкы мезгилдерде «Буйга-2» чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо иш-аракеттерин пландоодо.