Сеулдан Бишкекке жаңы туруктуу авиакаттам ачылды

2023-жылдын 12-июнунда «Манас» эл аралык аэропортунда Сеулдан Бишкекке биринчи каттамдын ачылышынын салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

T'way Air авиакомпаниясынын башкы директору Джон Хонг Гын түз каттамдар үчүн колдонулган учак сапаттуу экенин айтып, учактагы орундардын саны 189 экенин белгиледи.

«Биз азыр жумасына бир каттам менен баштайбыз, пландарыбызда Сеул-Бишкек багыты боюнча жумасы на үч каттамга чейин кеңейтүү. Туристтер үчүн каттамдарды көбөйтүүнү пландап жатабыз, анткени Кыргызстан Түштүк Кореяда жаратылышы менен абдан белгилүү. Мисалы Кореяда туризмдин тоо треккинг турлары абдан белгилүү», - деди ал.

Эске салсак, 2023-жылдын 11-июнунда авиакомпаниянын биринчи каттамынын учагын суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөн.

Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Учактын Сеул шаарына конуусу жекшемби күнү, ал эми Бишкектен учуу убактысы дүйшөмбү күнү аткарылат.