Кыргызстандыктар унааларын тез-тез алмаштырып сатышат

Кыргызстанда автоунааларды кайра сатуунун пайызы чоң. Бул тууралуу Mashina.kg авторесурсунун башкы директору Тилек Ешеналиев Economist.kg сайтына берген видео маегинде белгиледи.

Анын айтымында, алардын платформасына күнүнө унааларды сатуу боюнча 1200-1600 жарнама кошулат. Ошол эле учурда, система бир эле унаа жылына 20 жолу сатылганын тастыктап бере алат.

«Биз келишимдердин санынын жалпы паркка болгон катышын өлчөгөнбүз. Биздин автопарк 1 млн 400 миң автомашинадан турат жана жылдык сатып алуу-сатуу операцияларынын саны 400 миңге жакын. Бул коэффициент 3.5 түздү. Бул сан канчалык аз болсо, унаалар ошончолук көп сатылат», - деди Ешеналиев.

Ал белгилегендей, эгер ушундай эле анализ Казакстанда жүргүзүлсө, анда алардын коэффициенти 4.25 болот. Башкача айтканда, Кыргызстанда унааларды сатып, алмаштырып жүргөндөр көп.