> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/19/kiiinki-kurghakchylyk-tsikli-2025-zhyly-kielip-kalyshy-yktymal/
- Published: 2023-06-19T09:00:51.000Z
- Updated: 2023-06-20T06:10:47.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев ЖМК менен маегинде айтып берди.**

Анын айтымында, кургакчылыктын цикли 5-6 жылдан кыскарганы байкалууда.

> «Негизи кургакчылык цикли 6-12 жылда бир кайталанып турат. Бирок климаттын өзгөрүшүнөн улам суу тартыш болгон жылдардын аралыгы кыскарууда. Мисалы, 2020-жыл жана 2021-жылда кургакчылык болду. Быйыл дагы ошондой эле көрүнүш болуп жатат», - деди Сокеев.

Сокеев белгилегендей, кургакчылык цикли мурда 5-6 жылда бир кайталанса, азыр эки жылда эле келип калып жатат. Ошондон улам 2025-жылы дагы аба ырайына байланыштуу суу тартыш болушу ыктымал. 

> «Азыртан даярдык көрүлүп, бул багыттагы башталган реформаларды, курулуштарды жыйынтыктап жетишүү зарыл. Быйыл дагы миллиард сомго чукул каражат каралары болжолдонуп, анын 30% бөлүндү», - деп кошумчалады Сокеев.