Махачкала – Бишкек – Махачкала авиакаттамы жанданат

2023-жылдын 24-июнунда «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Махачкала – Бишкек – Махачкала багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды калыбына келтирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» ААК билдирди.

Аэропорттон билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү аткарылат.

«Манас» ААКсы бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.