> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунун бийлиги 50дөн ашуун балдар бакчасын ачууну убадалады
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/19/osh-oblusunun-biilighi-50don-ashuun-baldar-bakchasyn-achuunu-ubadalady/
- Published: 2023-06-19T06:45:38.000Z
- Updated: 2023-06-20T06:16:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жыл ичинде Ош облусунун аймагында 50дөн ашуун балдар бакчасы ачылып, колдонууга берилет. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.**

Бул маселе онлайн тартипте жумушчу кеңешмеде көтөрүлдү. Такталгандай, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда Ош облусунун аймагында ачыла турган 136 кыска мөөнөттүү бала бакчалардын, 2023-жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ачыла турган республикалык, муниципалдык жана жамааттык 50 бала бакчанын курулуштарынын, капиталдык оңдоодон өткөрүлүшү боюнча маалыматтары эске алынып, бир катар тактоочу суроолор берилип, жооптор алынды.

Андан сырткары, балдардын жайкы эс алуусуна даярдыктын жүрүшү боюнча РМАлардын жетекчилери да маалыматтарын, балдардын жайкы эс алуусун жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча сунуш пикирлерин беришти.