> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластын аэропортун модернизациялоосу 2023-жылдын аягына чейин бүтөт
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/19/talastyn-aeroportun-modiernizatsiialoosu-2023-zhyldyn-aiaghyna-chieiin-butot/
- Published: 2023-06-19T03:10:37.000Z
- Updated: 2023-06-19T03:10:37.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**«Талас» аэропортунун аэровокзалынын курулушу 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.**

Аэропорттун жалпы аймагы 78га. «Талас» аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн. Долбоордун алкагында аэровокзалдын имараты өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 авиажүргүнчүлөрдү тейлөөгө эсептелген. Курулушту 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жаңы аэровокзалда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап коопсуздук жана көзөмөл системасы орнотулат. Учуу-конуу тилкеси боюнча - аэродромдун эски жасалма катмарынын авариялык участокторун демонтаждоо боюнча иштер аяктады жана авариялык участоктордун асфальт-бетон иштери башталды.