> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги Сузак районунда 5 чакырым унаа жолуна асфальт төшөдү
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/19/transport-ministrlighi-suzak-raionunda-5-chakyrym-unaa-zholuna-asfalt-toshodu/
- Published: 2023-06-19T06:20:08.000Z
- Updated: 2023-06-20T06:18:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Сузак районунун Бек – Абад – Жийде – Муңдуз унаа жолуна (5 чакырым) асфальт төшөлүп, иштер аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.**

Такталгандай, Сузак районунун Сузак-Арал-Жийде унаа жолунун 1 чакырымына асфальт жаткырылды. Сузак районунун Сузак-Каду унаа жолунун 1,4 чакырымына асфальт төшөлдү, жалпы 5 чакырым жол оңдолмокчу.

Ошондой эле, Ноокен районунун Нефтепром-Үч-Мазар-Дош унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. План боюнча 4 чакырым жолго асфальт жаткырылат. Бүгүнкү күндө 1.6 чакырым жерде иштер аяктады.

Ноокен районунун Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере унаа жолуна (0.5 чакырым) асфальт төшөлүүдө. План боюнча 4 чакырым жол оңдолот.

Аксы районунун Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат. Азыркы тапта 1.4 чакырым аралыгында жумуштар аяктады. Жалпы 7 чакырым жол асфальтталат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/354232688_572856441689773_683521603930162977_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/354430888_572856658356418_7224439845659080622_n.jpg)