Транспорт министрлиги Сузак районунда 5 чакырым унаа жолуна асфальт төшөдү

Сузак районунун Бек – Абад – Жийде – Муңдуз унаа жолуна (5 чакырым) асфальт төшөлүп, иштер аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Такталгандай, Сузак районунун Сузак-Арал-Жийде унаа жолунун 1 чакырымына асфальт жаткырылды. Сузак районунун Сузак-Каду унаа жолунун 1,4 чакырымына асфальт төшөлдү, жалпы 5 чакырым жол оңдолмокчу.

Ошондой эле, Ноокен районунун Нефтепром-Үч-Мазар-Дош унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. План боюнча 4 чакырым жолго асфальт жаткырылат. Бүгүнкү күндө 1.6 чакырым жерде иштер аяктады.

Ноокен районунун Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере унаа жолуна (0.5 чакырым) асфальт төшөлүүдө. План боюнча 4 чакырым жол оңдолот.

Аксы районунун Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат. Азыркы тапта 1.4 чакырым аралыгында жумуштар аяктады. Жалпы 7 чакырым жол асфальтталат.