Бишкектен Самарага авиакаттам жанданды

2023-жылдын 11-июнунда россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Самара – Бишкек – Самара багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, каттамдар жумасына бир жолу – ар жекшемби күндөрү аткарылат.

Аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча  авиакомпанияга түз кайрылуу зарыл.