Бишкектин ЖЭБдин газга өтүшү менен көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат

Бишкектин ЖЭБдин жаратылыш газына өтүшү менен көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат. Бул тууралуу алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешмесинде Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымдады.

Ошондой эле, борбор калаанын мэри Эмил Абдыкадыров учурда 22 отказан газ менен жылытууга өткөрүлүп жатканын, мындан тышкары коомчулуктун пайдасы үчүн 800 автобустун келиши күтүлгөнүн, бул Бишкектин көчөлөрүндөгү унаалардын санын бир топ кыстартып жана ага жараша машиналардан бөлүнүп чыккан газды азайтат.

Ал ошондой эле «тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктөрдүн калдыктарын муниципалитет тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жана жылдын аягында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу ишке кирээрин, мындан тышкары таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлөөрүн» кошумчалады.