Кемин районунда 3 млн сомдон ашык эмгек акылар негизсиз төлөнгөн

Кемин районунда эмгек акынын негизсиз төлөнүшү 3 млн сомдон ашты. Бул аудиттин жыйынтыгы тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондун жергиликтүү бюджетинде 5.109 млн сомго каржы бузуулары аныкталды.

Аныкталган финансылык бузуулардын ичинде:

• эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 3 млн сом;

• эсеп берме суммаларды кошкондо, материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын негизсиз эсептен чыгарылышы – 46 миң сом;

• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 1.6 млн сом;

• мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 20 миң сом;

• жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 196 миң сом;

• бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 158.3 миң сом, анын ичинен:

• салык жана бажы мыйзамдарын бузуу – 91.4 миң сом;

• бюджетке которулууга тиешелүү ижара акысы – 66.9 миң сом.