«Ош шаар суу канал» ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланышы үчүн айып пулдарды салды

Ошто ичүүчү таза суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө, «Ош шаар суу канал» ишканасынын өкүлдөрү тарабынан шаар ичиндеги көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары ичүүчү таза сууну үй алдындагы бакчаларын суугаруу үчүн өз алдынча орнотуп алышкан 122 суу түтүктөрү кесилип, сарамжалдуу пайдаланбаган тургундарга, мекеме-ишканаларга эскертүүлөр берилип, айрымдарга айып пул салынды.

Текшерүү учурунда, 70 үй ээсине, 13 ишканага акт түзүлдү. Ичүүчү сууну сарамжалсыз пайдалангандарга рейд сентябрь айына чейин, күн сайын өткөрүлөт.

Эскертүү: ичүүчү таза сууну килемдерди, унааларды жууганга, жерге чачканга жана турак жайлардын алдындагы бакчаларды суугарууга тыюу салынат.