Оштун борбордук көчөсүнүн асфальттоо иштеринин 1-этабы аяктады – фото

Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүнүн асфальттоо иштеринин 1-этабы аяктап, 2-этабы кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Жумуштардын жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышты.

Анын алкагында тиешелүү кызматтарга А. Масалиев көчөсүндөгү жасалып жаткан бардык иштер сапаттуу жана талаптарга ылайык жүргүзүү менен ишти тездетүү тапшырмасы берилди.