Шопоковдо нефтебазадан өрт чыкты – азырынча ал чектөөгө алынды

Чүй облусунун Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты. Аны өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Азырынча, өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден жалпы жерине 8 күжүрмөн эсеп, Чүй облусунун башчысы жетектеген ыкчам топ жана ККББдан ыкчам топ, Кыргыз темир жол ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 тез жардам унаасы тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүүдө.