2023-жылга чоңдор жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат каралган

2023-жылга чоңдор жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жыл сайын өтүүчү жөө жүрүшүн ачып жатып билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын 36 миңи балдар. 2021-2022-жылдары жөлөкпулдун өлчөмү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды караган ата-энелердин жеке жардамчыларына төлөм эки эсеге көбөйтүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын бюджетине рекорддук 9.2 млрд сом бөлүндү. Бул каражаттар протездик буюмдарды, жабык коляскаларды жасоого, ден соолукту чыңдоо үчүн жолдомолор менен камсыздоого багытталган жөлөк пулдар жана компенсациялар түрүндө төлөнүп берилет. Алар мекеме тарабынан бекер берилет», - деди министр.

Кудайберген Базарбаев майыптардын жөө жүрүшүнүн катышуучулары менен алгачкы этаптан өттү.