Кийинки жумада «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байгелери ойнотулат
2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын биринчи турун өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы эскертти.
26-июндан 30-июнга чейин Салык кызматынын Facebook баракчасында жана YouTubе каналында түз эфирде 1170 байге ойнотулат. Күн сайын 234 адам баалуу байгенин ээси болушат.
Негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында болуп, анда 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат.
Утуш оюну кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт менен коштолот. Аянтта көрүүчүлөрдү жагымдуу белектер күтөт.