Чүйлүк айылдардын тургундары Бишкекке таштандыларды алып келип туура эмес жерге ташташат

Бишкекте шаар менен чектеш аймактарда пайда болгон башаламан таштандылар «Бишкек шаарынын чек арага жакын аймактарынын санитардык-экологиялык көйгөйлөрү жана муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү» деген темада тегерек столдо талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев, Бишкек менен чектеш Орок, Новопавловка, Новопокровка, Күн-Туу, Военно-Антоновка, Пригородное, Маевка айылдарынын жетекчилиги катышты.

Катышуучулар жакынкы айылдар менен чектеш аймактарда башаламан таштанды төгүүчү жайларга байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Аталган айылдардын тургундары Бишкекке таштандыларды алып келип, таштанды челектерге туура эмес жерге ташташат, бул «Тазалык» муниципалдык ишканасына кошумча түйшүк жана чыгымдарды жаратууда.