Кыргызстан ASEAN-KOREA Experts форумуна катышты

Депутат Аида Исабек кызы Түштүк Кореянын Гуми шаарындагы ASEAN-KOREA Experts форумуна катышууда. Бул тууралуу парламанттин маалымат кызматы кабарлады.

Форумга Азия өлкөлөрүнөн билим берүү тармактарынын өкүлдөрү, саясатчылар, эксперттер катышууда.

Ошондой эле форумдун катышуучулары университеттердин материалдык-техникалык базасын көрүшүп, окуу процесси жана ага санариптештирүүнү киргизүү, ошондой эле ар кандай заманбап методикаларды колдонуу маселелери менен таанышышты.

Корея университеттеринин базасында дарыгерлер, инженерлер, учкучтар жана башка ар кандай адистиктер үчүн симуляциялык окуу класстары ийгиликтүү түзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Делегация бул класстардын иши менен таанышты, алар чыныгы мекеме түрүндөгү медайымдардын класстары, операциялык бөлмөлөр, реанимация палаталары, педиатрия бөлүмү, травматология бөлүмү жана башкалар. Мунун бардыгы келечектеги дарыгерлерге окуу материалын натыйжалуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.