Бишкектин конушунун ичүүчү суу маселесин атайын штаб чечет

Борбор калаанын «Арча-Бешик» конушунун ичүүчү суу маселесин чечүү үчүн штаб түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Бишкексууканал» башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 12 суу ташуучу техникалары менен ичүүчү сууну жеткирүүнү улантууда.

Суу ташуучу техникалардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, аэропорт суу алгычынан ичүүчү суу менен толтурулат. Ичүүчү суунун сапаты химиялык-бактериологиялык лаборатория тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Ленин районунун акими шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен жашоочуларга таза суу көйгөйлөрүнүн пайда болушун, аны чечүү жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.