МИК Кыргызстандын үч облусунда ипотекалык турак-жай курууну пландоодо

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен болуп кайтышты. Жеринде жергиликтүү администрация башчылары менен жолугуп, аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Баткен облусунун Лейлек районунан курулушка бөлүнүп жаткан жерди көрүп келишти кетишти. Бул жер тилкесине 29 социалдык бир кабаттуу ипотекалык турак жай курула тургандыгы белгиенди.

Ошондой эле, Баткен районунда 40 бир кабаттуу социалдык турак жайды куруу пландалып жатат.

Андан ары жолугушуулар Жалал-Абад облусунун Кербен жана Кочкор-Ата шаарларында уланып, көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушуулар соңунда Кербен жана Кочкор-Ата шаарларындагы ипотекалык турак-жай курууга арналган жер тилкелерин көрүп келишти. Жакынкы арада кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлат.