> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош – Сары – Таш-Эркечтам унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/22/osh-sary-tash-erkiechtam-unaa-zholundaghy-sieldin-kiesiepieti-zhoiuldu/
- Published: 2023-06-22T10:40:32.000Z
- Updated: 2023-06-22T10:40:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош – Сары – Таш-Эркечтам унаа жолунун 111-114-чакырым аралыгында селдин кесепетин жоюу, жолдун жаап калган бөлүктөрүн тазалоо иштери жүрүүдө. Жеринде № 959 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Белгилей кетсек, кечээ, 21-июнда саат 18:00дор чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ош – Сары – Таш-Эркечтам унаа жолунун бир нече жеринде сел жүрүп, каттам кыйындаган.

Ошондой эле, Алай районунун Сопу-Коргон-Терек (3-9-чакырым аралыгы) менен Пад-Аскалы унаа жолдорунда да сел жүрүп, азыркы тапта тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Каттам бар.

Эске салсак, буга чейин Кыргызгидромет борбору 20-22-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн билдирген.