Азербайжандык AZAL Бишкектен Бакуга каттамын ачат

16-июлдан тарта «Азербайджан аба жолдору» компаниясы (AZAL) Бишкек-Баку багыты боюнча түз каттамдарды аткара баштайт.

Авиакомпания белгилегендей, каттамдар жумасына бир жолу аткарылат. Бакудан пландалган учуу ишемби күндөрү саат 22:00дө болот. Бишкектен учуу – жекшемби күндөрү саат 3:35те аткарылат.

Бишкек-Баку аба каттамы Кыргызстандан Закавказьеге биринчи каттам болот. Буга чейин КР, Азербайжан, Армения жана Грузиянын ортосунда түз аба каттамдары көпкө чейин болгон эмес.

Авиакомпания Баку – Бишкек багыты боюнча авиакаттамдын ачылышы жүргүнчүлөрдүн Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы саякат жана иш сапарларына мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, ошондой эле Бакунун транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.