2023-жылдын башынан бери 13.6 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай жумуштарга тартылган

2023-жылдын башынан бери 13.6 миңден ашуун кыргызстандык жумуштуулуктун ар кандай чаралары менен камтылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Такталганлай, ушул жылдын беш айында райондук жана шаардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 6.1 миң адам ишке орноштурулган.

Жергиликтүү жамааттардын аймактарын көрктөндүрүү боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштар жана кесиптик окутуу рыноктогу оорчулукту жеңилдетүүнүн натыйжалуу механизми болуп саналат. Бул чаралар менен беш айдын ичинде 7.5 миң адам камтылган.