Иркутск – Ош авикаттамдын биринчи рейси менен 131 жүргүнчү учуп келди

2023-жылдын 23-июнунда ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош – Иркутск – Ош багыты боюнча биринчи каттам аткарып, бул багытта туруктуу каттамдардын санын көбөйттү. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи каттам менен Оштон 131 жүргүнчү учуп кетип, Иркутск шаарынан 180 жүргүнчү учуп келген.

Каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, башка авиакомпаниялар тарабынан аталган багыт боюнча жумасына 6 каттам аткарылат.