> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайда 95 га жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергөө аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/27/kadamzhaida-95-gha-zhier-tilkiesin-myizamsyz-bieruu-faktysy-boiuncha-kylmysh-ishin-tierghoo-aiaktady/
- Published: 2023-06-27T08:30:22.000Z
- Updated: 2023-06-27T08:30:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**КР УКМК тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз а/а жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кадамжай районунун Айрыбаз а/а токтомунун негизинде 581 жаранга 95 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда, Кадамжай районунун Айрыбаз а/а жашабаган адамдарга жер тилкесин берүү фактылары, ошондой эле айрым райондук деңгээлдеги кызмат адамдарынын туугандарына берилген фактылар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, документтештирилди.

> «Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Айрыбаз а/а башчысы К.Т., анын орун басары И.И. жана жер адиси А.А.га КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ээлеген кызматтарынан четтетилишкен. Учурда кылмыш ишин Баткен облусунун Кадамжай райондук соту карап жатат», - деп УКМК белгиледи.

КР УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз берүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, мамлекеттик кызматчыларды өздөрүнүн түз функционалдык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга чакырат.