> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалы өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/27/narynda-kyrghyz-shyrdaghy-xiii-el-aralyk-fiestivaly-otot/
- Published: 2023-06-27T11:35:24.000Z
- Updated: 2023-06-27T11:35:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 28-29-июнь күндөрү Нарында «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фетивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

Маданий иш чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде болот. Фестивалга барууну каалагандар үчүн иш чара өткөрүлө турган аймакка атайын каттам уюштурулду. 28-июнь күнү эртең мененки саат 9.00дон кечки саат 22.00го чейин Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынан Кара-Бүк аймагындагы As A Nomad этнокомплексине чейин 2 чакан автобус эл ташыйт.

Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн «Салкын-Төр» эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

29-июнь күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.