Нарында «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалы өтөт

2023-жылдын 28-29-июнь күндөрү Нарында «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фетивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маданий иш чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде болот. Фестивалга барууну каалагандар үчүн иш чара өткөрүлө турган аймакка атайын каттам уюштурулду. 28-июнь күнү эртең мененки саат 9.00дон кечки саат 22.00го чейин Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынан Кара-Бүк аймагындагы As A Nomad этнокомплексине чейин 2 чакан автобус эл ташыйт.

Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн «Салкын-Төр» эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

29-июнь күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.