Ош шаарында таза суу берүүдө көйгөйлөр жок – «Ош шаарсууканал»

Ош шаарында таза берүүдө көйгөйлөр жок. Бул тууралуу Ош шаары боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бөлүмү менен жолугушууда «Ош шаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги билдирди.

Тараптар Бишкектеги ичүүчү суу көйгөйүнүн Ош шаарында алдын алуу, кайталанбоосу боюнча ичүүчү суудагы кырдаалды изилдөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатын талкуулашты.

Отурумда калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуудагы жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер боюнча маалымат алынды. «Ош шаарсууканал» МИ таза суу берүүдө көйгөйлөр жок экендигин билдирди.

«Тагыраагы калааны таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу долбоору үч этап менен ишке ашууда. Биринчи этабында Данги участкасында, Төлөйкөн айылындагы каналдан баштап Озгур айылындагы "Ош шаардык суу канал" ишканасынын суу тосмосуна чейинки аралыкка түтүк тартылды. Анын жалпы узундугу 475 метр, диаметри 1 000 миллиметр. Экинчи этаптын алкагында ар бири 6000 метр куб болгон 4 резервуарды курулушу жүрүүдө», - деп мекеме белгиледи.

Ал эми үчүнчү баскычта Азия өнүктүрүү банкынын долбооруна ылайык, Папан суу сактагычынан суу түтүгүн тартуу иштери жүзөгө ашырылмакчы.