Ваучердик системе мектептердин жетишсиздигин чечет – Эльдар Абакиров

Бишкек менен Ош шаарларында калктын көптүгүнөн мектептерде окуучуларга орун жок. Бул маселени ваучердик система чечип берет. Бул тууралуу «Марал» радиосунун эфиринде эксперт Эльдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, жакшы мектептерге каражаты бар адамдар балдарын киргизип койгон. Калгандар болсо сыртта калып, маселеси чечилбей калган.

«Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында орун жетишпеген 100 мектеп бар экен. Кыргызстан боюнча 670 мектеп жетишпейт. Муну мамлекет чечкиче 10 жыл өтүп кетет. Ал убакытта балдардын саны эки эсе өсүп кетет. Башкача айтканда, экономика демографияны кубалап жетпейт», - деди эксперт.

Эксперт ваучердик система көйгөйдү тез эле чечип коет деп ишенет. Ал система мектептердин 25% эле камтыганда эле билим берүүдө маселе чечилет. Ошондой мектептерде окуу акысы арзан эле болот.