Жалал-Абаддын борбордук көчөсүндө 1.2 км тротуар куруу иши башталды

Жалал-Абад шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнө кеңдиги 2 метр, узундугу 1260 метр болгон тротуар куруу иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Курулушту мэриянын жол башкармалыгы жүргүзүп жатат. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Мындан сырткары шаардан «Жалал-Абад» санаториясына чейин веложол курулат.