Эскертүү: Россияга дары өсүмдүктөрдү алып кирүүгө тыюу салынды

«Манас» эл аралык аэропорту Россияга дары өсүмдүктөрүн алып кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу эскертти.

Такталгандай, кеп гармала тууралуу болуп жатат. Анын курамында 1-Метил-7-метокси-9Н-пиридо [3,4 -b] индол (гармин) заты бар дары-дармек өсүмдүктөрү, РФнын өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-июнундагы №681 «Россия Федерациясында көзөмөлгө алынуучу баңги, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык баңги зат катары кабыл алынат.

Аталган дары өсүмдүктөрүн Россиянын аймагына алып кирүү боюнча бардык аракеттер РФ Кылмыш-жаза кодексинин 228,228,1,229 – беренелери боюнча кылмыш жана административдик укук бузуу болуп саналат.