«Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында мыкты шырдактар аныкталды

28-июнда өткөн «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында 230дан ашык шырдак кароо-сынакка коюлуп, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Мурас шырдагы» номинациясы боюнча баш байге Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калыковага ыйгарылды. Ал 1933-жылы жасалган шырдакты 90 жылдан бери сактагандыгы үчүн 30 000 сом байгеге ээ болду.

Ал эми «Инновациялык шырдак» номинациясына Куйручук айылынын тургуну Нурай Эсенканованын чакмак шырдагы үчүн 40 000 сом ыйгарылды. «Мыкты шырдак»  деп Кочкор районунан келген Сайкал Ниязованын  шырдагы бааланып, 50 000 сом байге алды.

Мындан тышкары «Мыкты ала кийиз» номинациясында Талас облусунан келген Кымбат Байматованын кол эмгеги жеңүүчү деп табылып 12 000 сом байге берилди. Тандалган эмгектер өлкөнүн музейлерине коюлмакчы.

Ошондой эле ондон ашык кол өнөрчүлөрг­ө  1000 сомдон 10 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Фестивалдын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, бул каражатты КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылады. Мындан сырткары КР Соода-өнөр-жай палатасы 40 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.