Орловкада жаңы отказан орнотула баштады

«Кыргызжылуулукэнерго» МИси 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин кызуу жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертти.

Такталгандай, ишкана Орловкадагы №2 отканада 2022-жылдын декабрь айында Россиядан 1 даана отказан сатылып алынган. Учурда керектүү тетиктери: экран түтүктөрү, боо түтүктөрү,экономайзер,тепкичтери, барабандары (жогорку,төмөнкү) келип түшкөн. Келишимге ылайык, отказан даярдалып, орнотуу жана монтаждоо иштери башталды, 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилине чейин аяктап, эксплуатацияга берилет.

Заводтон келип түшкөн отказан бардык ГОСТгокарата талапка жооп берет.

Эске салсак, 2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилинде жылытуу мезгилинин башталышы менен 2022-жылдын декабрында  №2 отканада жайгашкан   ДЕ-16/14 ГМ жана ДЕ-25/14 ГМ маркасындагы отказандары аварияга дуушар болуп өчкөн.

Чүйдөгү адистештирилген көчмө механикалык колоннасынын адистери жана «Орловкадагы  жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалдарынын жардамы менен ДЕ-25/14 негизги мазут от казаны 2 күндө ондолуп калыбына келтирилип ишке киргизилген. От казандар штаттык режимде үзгүлтүксүз иштеп 2023-жылдын 14-мартында Орловка шаарынын Мэрисынын буйругун негизинде жылуулук менен камсыздоо токтотулган.

Мындан тышкары №2 отканада отказандарды жана отказандын жабдууларын оңдоо иштери жүрүп жатат, Веселая жана Некрасова көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук тармактарында эскирген жана чириген түтүктөр, диаметри 219 түтүктөн 340 метр алмаштырылып, буга байланыштуу жер казуу иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөлүүдө. Чкалов көчөсү бонюча жылуулук тармактарында эскирген жана чириген түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 181 метр жер казуу иштери жүргүзүлүп жатат.