Саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 37.2 млрд сомду түздү – Акылбек Жапаров

2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд сом болсо, 2022-жылы 34 млрд сомго, ал эми 2023-жылы 37.2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу  Кыргызстандын урологдорунун IV Эл аралык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы менен ата мекендик адистердин медицинага келишине жагымдуу шарт түзүлдү.

Минкаб башчысы илимий ишмердүүлүктө кадрларды даярдоонун жана дайыма билим алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.