Салык кызматынын лотереясынын 4-күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат

Бүгүн, 29-июнь – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун 4-күнү. Түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен ойнотулат. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 26-июндан тартып утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында жүрүүдө, күн сайын 234 байгеден ойнотулууда.