> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөсүндө 33 миңден ашык бала жашайт – Эмгек министрлиги
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/29/sotsialdyk-kontrakttyn-katyshuuchularynyn-ui-bulosundo-33-mindien-ashyk-bala-zhashait-emghiek-ministrlighi/
- Published: 2023-06-29T04:05:58.000Z
- Updated: 2023-06-29T04:05:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөсүндө 33 миңден ашык бала жашайт. Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.**

Мекеменин маалыматына караганда, быйылкы жылы өлкө боюнча 9980 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөн.

> Жыл аягына чейин жалпысынан 100 миң сом акчалай жардамды жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен 10 миң үй-бүлө чакан ишкана ачуу үчүн алышат.

Эмгек министрлиги 2023-жылы социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөлөрүндө 33 миңден ашык бала жашай турганын, алардын 90%ы жөлөк пулун алаарын тактады.

Бул жөлөкпул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 16 жашка чейинки ар бир балага төлөнөт. Жөлөк пулдун өлчөмү көбөйгөндөн кийин орточо төлөм айына 1353 сомду түзөт.