Социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөсүндө 33 миңден ашык бала жашайт – Эмгек министрлиги

Социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөсүндө 33 миңден ашык бала жашайт. Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, быйылкы жылы өлкө боюнча 9980 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөн.

Жыл аягына чейин жалпысынан 100 миң сом акчалай жардамды жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен 10 миң үй-бүлө чакан ишкана ачуу үчүн алышат.

Эмгек министрлиги 2023-жылы социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөлөрүндө 33 миңден ашык бала жашай турганын, алардын 90%ы жөлөк пулун алаарын тактады.

Бул жөлөкпул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 16 жашка чейинки ар бир балага төлөнөт. Жөлөк пулдун өлчөмү көбөйгөндөн кийин орточо төлөм айына 1353 сомду түзөт.