Асман төрт секторго бөлүнөт

Асман төрт секторго бөлүнөт: акылдуу, коммерциялык, спорттук жана жашыл. Бул тууралуу Асман шаарынын бет ачарында белгилүү болду.

Шаардын акылдуу бөлүгүндө мектептер, колледждер, мечиттер, жашыл технологиялар, электромобилдерди кубаттоочу станциялар, автоматтык парковка системалары жана башка инфраструктуралык объектилердин жайгашуусу пландалууда.

Шаардын спорттук бөлүгүндө ар кандай спорт оюндары үчүн аянтчаларды, жабык футбол стадиондорун, гольф аянтчасын жана боулинг ойноочу жайларды куруу пландалууда.

Банктар жана санариптик компаниялардын кеңселери шаардын коммерциялык бөлүгүндө жайгашат. Кошумчалай кетсек, шаардын бул бөлүгүнө эл аралык компаниялардын өкүлчүлүктөрү жайгаштырылат. Бул жерде импорттук-экспорттук операциялар да жургузулет.

Көңүл ачуу бөлүгү соода борборлору, мейманканалар, казинолор, ошондой эле кымбат баалуу автосалондордун салондору менен толукталат. Шаарда ылдам жүрүүчү поездди куруу да пландалууда.