Бишкектен Алматыга чейин 500 сомго жетсе болот – Транспорт министрлиги

«Кыргыз автобекетинен» Бишкек – Алматы багытында автобустар үзгүлтүксүз каттап жатат, билеттин баасы 500 сом. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, күн сайын 08:00, 10:00, 12:00, 14:00, 16:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, ыңгайлуу автобустар жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» ишканасы Алматы калаасына арзан баада жетип алууга чакырат. Билеттин баасы 500 сомду түзөт жана аларды автобекеттин кассасынан алууга болот.

Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда чыгат. Билет баасы 2500 теңге.