> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БУУнун миссиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын потенциалын текшерет
- URL: https://im.kg/koom/2023/07/03/buunun-missiiasy-kyrghyzstandyn-salamattyk-saktoo-tarmaghynyn-potientsialyn-tiekshieriet/
- Published: 2023-07-03T07:10:00.000Z
- Updated: 2023-07-03T07:09:59.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын өкмөтү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясын кабыл алууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.**

Такталгандай, коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана тез арада чара көрүү боюнча Кыргызстандын потенциалын баалоо үчүн 2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин өтө турган бул миссияга ар кайсы өлкөлөрдөн, техникалык институттардан жана БУУнун агенттиктеринен келген 15 эл аралык техникалык эксперт катышат.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусу менен биргелешкен процесстин алкагында иммундаштыруу, лабораториялар жана башка 19 техникалык тармакты изилдейт.