БУУнун миссиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын потенциалын текшерет

Кыргызстандын өкмөтү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясын кабыл алууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Такталгандай, коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана тез арада чара көрүү боюнча Кыргызстандын потенциалын баалоо үчүн 2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин өтө турган бул миссияга ар кайсы өлкөлөрдөн, техникалык институттардан жана БУУнун агенттиктеринен келген 15 эл аралык техникалык эксперт катышат.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусу менен биргелешкен процесстин алкагында иммундаштыруу, лабораториялар жана башка 19 техникалык тармакты изилдейт.