Салык кызматынын лотереясынын биринчи этабындагы башкы байгелердин жеңүүчүлөрдүн тизмеси жарыяланды

1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын башкы байгелери ойнотулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Такталгандай, түз эфирдин жүрүшүндө 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталды.

Утушка «Салык чек» тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 6,5 миллиондон ашык ID- номерлери менен 238 миңден ашык жаран катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды. Атап айтканда, 10 электромобилдин ээлери болуп төмөнкүлөр аныкталды:

• Назира Султанбекова;

• Уланбек Матмусаев;

• Улан Сарымсаков;

• Марина Осмоналиева;

• Руслан Азималиев;

• Үмүт Акматова;

• Асель Асанбекова;

• Даулет Кадыркулов;

• Чынара Кахарова;

• Зарина Мамутова.

Ошондой эле, 3 бактылуу адам Дубайга жолдомо (эки кишилик) утуп алышты:

• Улугбек Абдуллаев;

• Азат Насиров;

• Джаныбек кызы Алтынай.

Утуштар УТРКда, Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлдү, ошондой эле эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу шоу-программа жана концерт менен коштолду.

Иш-чарага келген көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 заманбап смартфон ойнотулду.