Акылбек Жапаров бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди табууга тапшырма берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди табууга тапшырма берди. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, минкаб төрагасы бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди аныктоо үчүн инженердик эсептөөлөрдү берүүнү, ошондой эле гидрогеологиялык карталарды санариптештирүү үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

«Бир жуманын ичинде мага бардык скважиналардын облустар менен райондордун контекстиндеги картасын бергиле, аларды санариптештирүү жана президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборуна туташтыруу керек», – деп тапшырма берди Жапаров.

Эске салсак, Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Орто-Алыш» жана «Башкара-Суу» суу топтоочу жайларынын иши менен таанышты.