Лотереянын биринчи этабына катышкан ID-номерлер жокко чыгарылды – Салык кызматы

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын катышуучулары тарабынан 2023-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон жана утуштун биринчи этабына катышкан бардык ID-номерлер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Лотереянын шарттарына ылайык, 2023-жылдын 2-июлунан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Экинчи турга 2023-жылдын 1-июлунан тартып 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катышат.

Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү утуштун экинчи этабына катыша алышпайт. Эскерте кетсек, 25-декабрдан 30-декабрга чейин лотереянын экинчи этабы өткөрүлөт, анда Бишкектен 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат.