> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 9 кабатту үйдү курууга мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иш козголду
- URL: https://im.kg/koom/2023/07/04/zhalal-abadda-9-kabattu-uidu-kuruugha-myizamsyz-korutundu-chygharghan-arkhitiektorlorgho-kylmysh-ish-kozgholdu/
- Published: 2023-07-04T11:15:35.000Z
- Updated: 2023-07-04T11:15:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абадда 9 кабатту үйдү курууга мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.**

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

> «Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин мамлекеттик экспертизасынын корутундусу жок Жалал-Абад шаарында жеке менчик жер тилкесинде 9 кабаттуу турак үйдүн жана 3 кабаттуу соода борборунун курулуш иштери уруксатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталган», - деп мекеме белгиледи.

Жалал-Абад областтык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, курулушу бүтүп жаткан объектилердин курулушуна мыйзамсыз түрдө архитектуралык-шаар куруу корутундуларын түзүшкөн.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.