Жалал-Абадда IT-борбордун курулушу башталды – долбоордун баасы 64.5 млн сом

Жалал-Абадда 3 кабаттан турган заманбап IT-борбордун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен жүрүүдө. Долбоорго 64 млн 500 миң  сомго каралган. IT-борборду «Иверия» ЖЧКсы куруп жатат.

Курулуш ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт.