Баш калаанын мэриясы көчөлөрдү оңдоо тууралуу отчет берди – фото

Бишкекте Керченский чолок көчөсү Элебесов көчөсүнөн «Дача-Керченская» конушуна чейин капиталдык ремонтко жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын шаардын жолдорун капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча бригадасы оңдоону ирригациялык системаны орнотуу менен баштады.

Андан соң жолдун кыртышын тегиздөө башталат. Жолдун узундугу 720 погондук метр, туурасы 5.5 метр, жөө адамдар үчүн жол тилкеси 1.5 метр.

Белгилей кетсек, Орозбеков көчөсүндөгү унаа жолду оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Бригада Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин асфальтбетон аралашмасынын экинчи катмарын төшөп жатышат.

Жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери чийилгенден кийин унаа жолу ачылып, тротуарды оңдоо улантылат.