«Кадастрдын» Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери жер тилкесин мыйзамсыз сатышкан – УКМК

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, УКМК Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

«Алар Жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бирине таандык болгон 1330 м2 турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Кыргыз Республикасынын Н.М.И. аттуу жаранына мыйзамсыз каттап жиберишкен», - деп билдирүүдө белгиленген.  

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.