«Ош» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга болот – багыттардын тизмеси

Ушул жылдын жай мезгилинде «Ош» эл аралык аэропортунан бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына учуулар жүзөгө ашырылат.

«МЭА» ААК сиздерге каттамдардын толук тизмесин сунуштайт:

РОССИЯ

«Avia Trafic Company» авиакомпаниясы:

· Ош-Екатеринбург-Ош – жумасына 1 жолу (ишемби күнү);

· Ош-Иркутск-Ош – жумасына 1 жолу (жекшемби күнү);

· Ош-Красноярск-Ош – жумасына 1 жолу (ишемби);

· Ош-Москва-Ош ( 747 каттам) – жумасына 7 каттам (күн сайын);

· Ош-Москва-Ош (965 каттам) – жумасына 5 жолу (шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү);

· Ош-Новосибирск-Ош – жумасына 2 жолу (шаршемби, жума күндөрү);

· Ош-Санкт-Петербург-Ош – жумасына 1 жолу (жума күндөрү).

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы:

· Ош-Москва-Ош – жумасына 2 жолу (шаршемби, жума күндөрү);

· Ош-Новосибирск-Ош – жумасына 1 жолу (шейшемби күнү);

· Ош-Иркутск-Ош – жумасына 1 жолу (жума күнү).

«Сибирь» авиакомпаниясы:

· Иркутск-Ош-Иркутск – жумасына 4 жолу (дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү);

· Москва-Ош-Москва – жумасына 7 каттам (күн сайын);

· Новосибирск-Ош-Новосибирск – жумасына 7 каттам (күн сайын).

«Урал аба жолдору» авиакомпаниясы:

· Екатеринбург-Ош-Екатеринбург – жумасына 5 жолу (шейшемби, шаршемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү);

· Иркутск-Ош-Иркутск – жумасына 1 жолу (шейшемби күнү);

· Казань-Ош-Казань – жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү);

· Красноярск-Ош-Красноярск – жумасына 2 жолу (шаршемби, жума күндөрү);

· Минеральные воды-Ош-Минеральные воды – жумасына 1 жолу (бейшемби күнү);

· Москва-Ош-Москва – жумасына 7 каттам (күн сайын);

· Нижневартовск-Ош-Нижневартовск – жумасына 2 жолу (шейшемби шаршемби);

· Самара-Ош-Самара – жумасына 2 жолу (дүйшөмбү, жума);

· Санкт-Петербург-Ош-Санкт-Петербург – жумасына 7 каттам (күн сайын);

· Сочи-Ош-Сочи – жумасына 1 жолу (дүйшөмбү күнү);

· Уфа-Ош-Уфа – жумасына 1 жолу (дүйшөмбү күнү);

· Челябинск-Ош-Челябинск – жумасына 1 жолу (шейшемби күнү).

«Аэрофлот» авиакомпаниясы:

· Москва-Ош-Москва – жумасына 7 каттам (күн сайын).

«Utair»авиакомпаниясы:

· Сургут-Ош-Сургут – жумасына 1 жолу (жума күнү).

«Северный ветер» авиакомпаниясы:

· Астрахань-Ош-Астрахань – жумасына 2 жолу (шаршемби жана ишемби күндөрү);

· Красноярск-Ош-Красноярск – жумасына 1 жолу (шаршемби күнү);

· Самара-Ош-Самара – жумасына 1 жолу (жума күнү);

· Тюмень-Ош-Тюмень – жумасына 1 жолу (ишемби күнү);

· Уфа-Ош-Уфа – жумасына 1 жолу (бейшемби күнү).

БАЭ

«Fly Dubai» авиакомпаниясы:

· Дубай-Ош-Дубай – жумасына 2 жолу (шейшемби жана жума күндөрү). (Июль айынын соңунда каттамдар кайра жанданат).

«Air Arabia» авиакомпаниясы:

· Шаржа-Ош-Шаржа – жумасына 5 каттам (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү).

Июль айынын соңунда каттамдар кайра жанданат.

КУВЕЙТ

«Jazeera Airways» авиакомпаниясы:

· Кувейт-Ош-Кувейт – жумасына 7 каттам (күн сайын).

Июль айынын соңунда каттамдар кайра жанданат.

· Кувейт-Ош-Кувейт – жумасына 7 каттам (күн сайын), Хаджга күнүнө 4 каттам.

(14 июндан 15 июлга чейин).

ТҮРКИЯ

«Pegasus Airlines» авиакомпаниясы:

· Стамбул-Ош-Стамбул – жумасына 5 каттам (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү).

ИЧКИ КАТТАМДАР

«Avia Trafic Company» авиакомпаниясы:

· Бишкек-Ош-Бишкек – жумасына 13 каттам (күн сайын).

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы:

· Бишкек-Ош-Бишкек – жумасына 7 каттам (күн сайын).

«Тез Жет» авиакомпаниясы:

· Бишкек-Ош-Бишкек –жумасына 7 каттам (күн сайын);

· Ош-Тамчы-Ош – жумасына 6 каттам (шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү).